Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин паракорлукка катыштыгы болгонун тергөөчүлөр аныкташты

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин паракорлукка катыштыгы болгонун тергөөчүлөр аныкташты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бири "Ёнхап" жазып чыкты.

Маалыматка караганда, дээрлик эки айдан ашык убакытка созулган тергөөнүн жыйынтыгында, Пак Кын Хенин жана анын айланасындагылардын "паракорлукка", "бийликти кыянаттык менен пайдаланууга" катыштыгы болгону тастыкталган.

Ошондой эле Пак Кын Хе президенттик администрацияга сын көз караш менен караган 9473 маданият ишмеринин кара тизмеге киргизилишинен кабардар болгон.

"Президент айым жана анын курбусу тыңшоолордон качып, 2016-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин башка адамга катталган мобилдик телефон колдонушкан. Бул Түштүк Кореянын мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, президенттин курбусу мамлекеттик саясатка таасир эте тургандыгы жөнүндөгү маалымат октябрда жергиликтүү ММКларга чыккандан кийин Пак Кын Хенин рейтинги түшүп кеткен. Маалыматтарга ылайык, курбусу өлкөдөгү корпорацияларды кол алдындагы фонддорго акча бөлүп берүүгө мажбурлап жүргөн. Мындан улам Түштүк Кореянын парламенти президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялаган. Эми жарым жылдын ичинде президентти кызматтан кетирүү маселесин Конституциялык Сот карайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KGstan1981
2017-03-06 15:28:18
Мына чыныгы адилеттуулук муну деп айтсак болот.Кана эми Кыргызстандын тергоочулору дагын Атамбаев 1990чу жылдары Россия кыргыз жазуучуларына берген 40 млн рубльду Атамбаев сол чонтогуно салып алган деп аныкташса.Бирок мин жолу уктап ойгонуп турсанда бизде андай болбойт.
+21
kyrgyz.kg83
2017-03-06 15:36:17
Биздеда ушундай болсо.чекеден текшерсе ак уйдо чиновник калбайт,бизди байлар бизнесмендер милионерлер башкарып калды
+15
Arlenchik
2017-03-06 15:43:09
Мына чыныгы адилеттуулук мыйзам баарына иштейт деп ушуну айтса болот.
+12
sumka
2017-03-06 15:47:06
Kowulam,biz tuw.koreada turabyz azyr iwtep.uwunun baaryn oz kozubuz mn korup bir 4eti tangkalyp,bir 4eti suktanam.uwun4a myizamga baw iip jawawat,karapaym adamy bir ten,prezidenti bir ten.
Bizdin olkodo myndai adilettuuluk ornoso e4ak ele onugup ketpeit belek...
+7
adilbars
2017-03-06 15:53:19
Биздикин да чогуу текшере кетишсе болмок экен да!
+11
sumka
2017-03-06 15:54:36
adilbars,bizdikilerge "a" dei elekte ele baary 4ygyp kalsa kerek balp etip ele=))))
+4
gordaya
2017-03-06 17:12:26
Бизде коррупцияга тиешеси бар деп чиновникти кармаса, анын жердештери дароо митингге чыгат "кое бер биздин баланы "дешип, андан коро биринчи озубуздун ан сезимди ондошубуз керек.
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан