Орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген 33 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Екатерина аттуу Орусиянын жараны 2016-жылдын ноябрь айында элчини аткан Мевлют Мерт Алтынташ менен WhatsApp аркылуу жазышканы аныкталган. Ошондой эле ал Анкарадагы орус маданият борборуна да телефон чалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 19-декабрында Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза тапкан. Элчиге ок чыгарган Мевлют Мерт Алтынташ ошол жерде полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн.