Кант шаарында жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 4-март күнү Кант шаарында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 1988-жылы туулган Т.А. аттуу тургунду сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары ГАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган К.Ю. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралууда.