Аламүдүн районунда "эки аялды сабаган" деп шектелип, 57 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-март күнү Аламүдүн РИИБине Энергетиктер шаарчасынын 1984-жылы туулган Т.А. жана 1983-жылы туулган К.Б. аттуу эки тургуну арыз менен кайрылган. Анда алар "Канымжан" аттуу аял эч себепсиз ур-токмокко алганын айтышкан. Бул кылмышка шектүү катары 1960-жылы туулган Р.К. кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми топтолгон материалдар тергөөгө жөнөтүлдү.