Бишкекте УКМК кызматкери себепчи болгон жол кырсыгы боюнча Өздүк коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, ички иликтөөнүн жыйынтыгында УКМК кызматкерине катуу чара көрүлөт.
Айта кетсек, окуя 6-март күнү саат 22:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү АКШ элчилигинин жанында болгон. Анда жол четинде курчоодо турган Октябрь РИИБинин кызматкерин УКМК кызматкери унаасы менен сүзүп кеткен. Милиция кызматкери денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми мас абалындагы УКМК кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата кылмыш иши козголгон.