Токмокто адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Токмокто адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-март күнү Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринин короосунан 55-60 жаштардагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Кароо жүргүзгөн учурда маркумдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Д.А. изи сууй электе кармалган. Учурда "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан