Кыргыз жеринде алдамчылыкка шектелип, изделип жаткан аял Орусиядан кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 1976-жылы туулган Кыргыз жараны Мукадас Муминова 2015-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан "алдамчылыкка" шектелип издөөгө алынган. Биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде жогорудагы аял Мурмансктагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн биринен кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.