ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: 3 жыл мурун Малайзиядан Пекинге бараткан учак дайынсыз жоголгон

Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 8-мартта Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы ичиндеги 239 адам менен дайынсыз жоголгон.
Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Ал эми 2015-жылдын 29-июлунда Реюньон аралында учактын канатынын калдыктары табылган. Маалыматтарга караганда, Малайзиянын өкмөтү жоголгон учакты издөө үчүн 100 миллион доллардан ашык каражат сарптаган. Ошондой эле издөө иштери учурунда куткаруучулар Инд океанындагы 120 миң чарчы чакырым аянтты изилдешкен.
8-мартка карата жылнаама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lion.
2017-03-08 16:44:52
Ушул самолёт дагы деле табышмак бойдон э
0
Ronaldo.99
2017-03-08 19:29:05
Денизге чогуп кеткенда
0
nur_zhoni
2017-03-08 21:35:27
Ronaldo.99, чогуп кетсе айтат элеге чогуп кеткен деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан