Чүйдө кабель үзүлгөндүктөн эртең менен түшкө чейин 3 облуста интернет убактылуу жок болду

Бүгүн, 8-мартта саат 04:37де Чүй облусунун Краснореченск айыл өкмөтүндө интернет өткөрүүчү зымдар үзүлгөн. Бул тууралуу "Кыргызтелеком" ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, мындан улам Нарын, Ысык-Көл облустары толугу менен жана Чүй облусунун бир бөлүгү интернетсиз калган. "Белгисиз адамдар жезден жасалган кабелди уурдашканынан зымдар үзүлгөн. Жалпысынан 250 метр кабель уурдалыптыр. Кызматкерлер оңдоо иштерин жүргүзүп, саат 12:18де аталган аймактар интернет менен камсыздала баштаган", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
BlackMan
2017-03-08 17:37:35
Мен дагы хакердик чабул болуп кеттиби десе.)
+3
Krai
2017-03-08 17:54:03
Уурулардын колун чагыш керек
Керек болсо болгарка менен кесиш керек
-1
ady-88
2017-03-08 19:32:10
Интернет бирикур иштебей абдан жакшы болсо керек. Интернеттен чыкпаган жарандар балдары аялдары менен кенири отуруп суйлошуп чер жазып отуруп калса керек
+2
bahbrat
2017-03-08 23:03:13
Менин оюмча по жерде оптоволокно болсо керек. Жез зым менен интернет жетпейтко алыскы аралыкка
0
karona
2017-03-09 12:30:28
"Кечее уйдо интернет кечке жок болуп, ата-энем менен суйлошуп олтурдук. Жакшы адамдар экен))" дегендей болуптур да анда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан