Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган Т.Н. Бишкектеги жаңы конуштардын биринде кармалган. Анын жанынан 16 калибриндеги курал ок дарылары менен алынган. Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча кылмыш иши козголуп, №1-СИЗОго киргизилген.
Кармалган Т.Н. буга чейин бир канча жолу соттолуп, уурулук фактысына да шектелип жаткан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.