Бишкектеги кудуктан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-мартта борбор калаанын Биринчи Май районунда Нарв көчөсүнүн №74-үйдүн жанындагы кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар өлүктү алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.