Ош облусунда эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, контртеррористик иш-чаралардын негизинде Кара-Суу районунун 1977-жылы туулган М.М. аттуу тургуну кармалган. Ал "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террордук уюмунун активдүү мүчөсү болгон. Ош облусунда Сирия-Ирак аймагындагы куралдуу согушка катышууга Кыргыз жарандарын үндөп келген. Ага кылмыш иши козголуп, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.