Токмок шаарында 56 жаштагы тургун "адам өлтүрүүгө" шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-март күнү саат 22:30 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда жашы 55-60 жаштагы адамдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, кылмышка шектүү катары 1961-жылы туулган М.Ени кармашкан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.