Бишкекте студент балдар менен мушташып, алардын бирин бычактап салган жаран 6 жылга соттолду

Бишкекте студент балдар менен мушташып, алардын бирин бычактап салган жаран 6 жылга соттолду. Тиешелүү өкүмдү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев чыгарды. Ага ылайык, 1988-жылы туулган Марсел Өмүралиев "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эске салсак, окуя 2016-жылдын 18-октябрь күнү саат 13:00 чамасында Чүй-Абдрахманов көчөсүндө орун алган. Анда аялы менен бараткан жаран менен 10го жакын студент балдар мушташа кетишкен. Жыйынтыгында студент балдардын бири 2000-жылы туулган А.У. бычактан жаракат алган. Кийин ал ооруканага жеткирилген. 23-октябрда бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган М.Ө. кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, окуянын келип чыгышына студент балдардын бири аялы менен бараткан жаранды видеого тартканы себеп болгон. Ошондой эле кармалган жарандын мурда мал уурулук боюнча соттолгону жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени айтылган.

Көчөдө бара жаткан жубайларга тийишип, мушташ уюштурган 10 студент (сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Bars88
2017-03-09 14:15:35
Кыйратышыптыр соттоп.Кайра берки балдарды соттобойбу шылдындаганы учун.Озун коргоп атса иттерден
+23
ady-88
2017-03-09 14:22:56
Кана акыйкаттык. Биздин АША айтып кыйратып жатпады беле акыйкат орноп жатат Кыргызстанда деп
+24
FIRDAUS
2017-03-09 14:34:10
Бизде акыйкат болгон эмес Жана болбойт дагы АША айтып аткан башка мамлекеттер демократияны бизден уйронуп жатат деп
+11
gordaya
2017-03-09 14:39:11
Студент балдарга уят эле, карагылачы башка озунор тааныбаган эле бир баланын убалына калдынар, ал деле бироонун алмончоктой баласы да, уят!
+12
gulmira12345
2017-03-09 14:45:07
1 баланы 10 бала деген позор иш рас кыйынбы бир бирден мушташ тооба
+11
Kanat969023
2017-03-09 14:48:39
Туура эмес чечим болуп.красавчик доканца туруп мушташыптыр...бирок бычак албаганда жакшы болмок экен...
+8
Arsenal2
2017-03-09 15:54:05
10 Шакал 1 Карышкырга жабылыптырда
+9
tyka
2017-03-09 16:11:29
Студент Балдар бироонун тагдырын буздунар. Ал жон турган балдарды барып бычактап салган жок да. Эркек болсонор соттотпой деле койсонор болмок
+4
jike
2017-03-09 17:47:10
эмне деген мамлекетте жашап жатабыз. Бироо келип тийишип шылдындасада малга окшоп унчукпай тура бериш керек экенда. Кайран элим кайда баратабыз акыйкат деген кайда калды
+6
timoha81
2017-03-09 18:48:52
Жанагы соттогон сот ушул фидиеону корбойбу. ХХХ оздору тийишип правакация кылып атапйбы,тиги бала озун коргоп мындайча айтканда самазашита кылып ататда.Мисалы мен болсом деле саймакмын.Сот акыйкат кылбаптыр ага акча еле керек сотторго болду.
+1
Ronaldo.99
2017-03-09 19:32:21
Акчан болсо танкасын,акчан жок болсо манкасын деген ушул да.Адам олтурууго арекет жасагандар 6жыл.Адам олтургондор уй камагы.Соттор молоде!!!Значить бычак жеген баланын крышасы бар экенда
+1
Ronaldo.99
2017-03-09 19:33:42
Студент балдар анык ХХХ экен.Оздору тийишип оздору соттоп
+1
admin_portal
2017-03-10 09:26:06
Ronaldo.99, timoha81, этика нормаларын сактаңыздар!
-1
Arlenchik
2017-03-09 21:27:41
ХХХ экенсинер да сотунар да жанагы чоодой болуп жабылган акмактар да, видеодо баары айдан ачык корунуп турат го тиги бала озун защита кылганы, даана групповой деп ошолорду соттош керек болчу баштаган да ошолор, тигилер берчусун берип кутулуп кетти, акча учун тиги ыймансыз сот ак жерден бироонун баласын соттоп ийди, ошондой арам тапкан ашын бир куну тешип чыгат го абийирсиз, ошонтип иштебейле койбойбу бироонун убалына калып, бирок булар конуп калганда андай нерседен коркушпайт.
+1
admin_portal
2017-03-10 09:27:19
Arlenchik, этика нормаларын сактаңыз!
0
Muslima96
2017-03-10 09:45:02
Видеодо бычактаган жери жокко, баары эле дыркырап качып кетишти. Азыркы судьялар аман эле болушсун. Адилеттуулукту билишпейт го. Бир тараптуу жаза берген. Студент балдарга да жаза керек болчу. Экинчи кочодогу адамдарга тийишпей тургандай.
0
alikjan88
2017-03-10 10:17:46
Азыр келтек жегенин эле жакшы,
бироо бир муштаса кечирип коюнуз колунузга тийип кеттим деген заман келди,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан