Жайыл районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "алдамчылыкка" шектелип кармалды

Жайыл районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "алдамчылыкка" шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 16-январь күнү Жайыл РИИБине 46 жаштагы Ак-Суу айылынын М.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал "Алмаз" аттуу чала тааныш адам 2014-жылы 10 миң долларлык Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын алып, ушул убакка чейин акчасын бербей жүргөнүн айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 42 жаштагы У.А. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurali_kg
2017-03-10 11:05:28
кылмышкерлер тажаттыда
-1
Barchynbek
2017-03-10 18:57:30
Nurali_kg,+басам деп минусту басып алдым кечир.
+1
Nurali_kg
2017-03-10 21:53:29
Barchynbek,Досум сага+
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан