Чүй облусунун 3 тургуну тоноо фактысына шектелүүдө

Чүй облусунун 3 тургуну тоноо фактысына шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-март күнү Чүй РИИБине район аймагындагы мончолордун биринин администратору 33 жаштагы К.О. арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам мончонун айнегин сындырып киришип, коркутуп 5800 сом акча каражатын алып кетишкенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.К., 27 жаштагы М.С. жана 30 жаштагы Т.Ж. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан