Кант шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-март күнү милиция кызматкерлерине Кант шаарынын 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 8-мартка караган түнү белгисиз адам дүкөндүн терезесин сындырып, ичиндеги товарларды алып кеткени айтылган. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Т.К. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.