"Манас" аэропортунда Кыргыз жараны башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Стамбул-Бишкек каттамындагы PС702 авиарейс чек ара кызматы тарабынан текшерүүгө алынган. Анда 1980-жылы туулган М.Н. аттуу Кыргыз жараны башка адамдын паспортун көрсөткөн. Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган аял УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.