ЖЫЛНААМА, 10-МАРТ: 111 жыл мурун Франциядагы көмүр кенинде жарылуу болуп, миңден ашуун киши курман болгон

Мындан 111 жыл мурун, 1906-жылы 10-мартта Франциядагы Куррьер жана Ланс коммуналарынын ортосунда жайгашкан көмүр кенинде жарылуу болуп, 1060 жумушчу курман болгон. Бул окуядан кийин шахтёрлор иштөө шарттарын жакшыртууну талап кылышып, көтөрүлүшкө чыгышкан. Кырсык көмүр кениндеги газ жарылып кеткенинен улам келип чыккан.

Айрым маалыматтарга караганда окуя болгон жердеги 14 жумушчу 20 күндөн кийин, 30-мартта жер бетине аман-эсен чыгышкан. Куткаруу иштери ага чейин эле бүтүп калгандыктан, эч ким кырсыктан аман калган адамдар бар деп ойлогон эмес.

10-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан