Япониянын Фукусима шаарында жергиликтүү убак боюнча бүгүн, 12-мартта саат 4:57де күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өлкөнүн Башкы метеорологиялык агенттигинин маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу жер алдында 50 чакырым тереңдикте болгон. Ал эми Мияги, Ибараки, Саитама, Тиба жана Токио шаарларында 4 баллга жеткен. Жер титирөө цунамини чакырган эмес. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.
6 жыл мурун, 11-мартта Японияда 16 миңдей адам өмүрүн алган жер титирөө болгон.