"Манас" аэропортундагы учакта "бомба" коюлганы тууралуу жалган маалымат айткан жаран 4 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү чечимди үстүбүздөгү жылдын 28-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, 1986-жылы туулган Е.И. Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 2-бөлүмү (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга жатак абагына кесилди. Ошондой эле ага "Манас" аэропортуна 358 миң 836 сом, "Авиа траффик компани" ишканасына 19 миң 899 сом, "Аэрофлот-Орусиялык авиалиниялар" ишканасына 81 миң 890 сом төлөө милдентендирилди.
Айта кетсек, 2016-жылдын 31-октябрь күнү саат 16:15 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам телефон чалып, “Манас” аэропортундагы учакта жардыргыч зат коюлганы тууралуу айткан. Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барышып, жардыргыч зат табышкан эмес. Бул кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Е.И. кармалган. Анда ал аялынын Москвага учуп кетүүсүнө тоскоол болуу үчүн ушундай кадамга барганын моюнуна алган.