Ошто Кара-Суунун тургуну болгон 33 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Ош шаарында 33 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, жансыз дене 12-мартта эртең менен Ош технологиялык университетинин аскердик факультетинин имаратынын жанынан табылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында аялдын өздүгү аныкталды. Ал Кара-Суу районунун Фуркат айылынын 1983-жылы туулган тургуну экени белгилүү болду. Учурда өлүмдүн себеби иликтенүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, аял сууктан улам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AzKumFerDan
2017-03-13 14:38:24
Тобо не болду замана.
+4
dina1983-19
2017-03-13 14:59:03
Ошто адам өлчүү суук болуп жатабы
-4
doki88
2017-03-13 15:15:55
Менин айылымданго аты жону ким экен
+1
Job9696
2017-03-13 20:06:16
Аллах өзү жаннаттан орун берсин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан