Бишкекте 92 жаштагы профессор тонолду, шектүү катары эки аял изделүүдө

Бүгүн, 13-март күнү саат 11:42 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 92 жаштагы Леонид Тузовго кол салуу болгону айтылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз аял эшигин каккылап, боюнда бар экенин айтып, ажатканага кирип алууну суранган. Эшикти ачкан соң аны менен кошо дагы бир аял кирип, ардагердин колу-бутун таңып, ири суммадагы акчасын, мамлекеттик сыйлыктарын алып кетишкен.

"Азыркы тапта кылмыш ишин козгоо боюнча тиешелүү процессуалдык иштер жүрүүдө. Кылмышка шектүүлөр изделип жатат. Ишти ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Айта кетсек, Леонид Тузов 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1951-жылдан тарта Кыргыз Улуттук университетинде эмгектенген. Физика-математика илимдеринин профессору. Бир катар мамлекеттик ордендер, медалдар менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jazmina909090
2017-03-13 19:07:36
Уяты жоктор ушул кары ардагерден бата алгандын ордуна тоногон Кемчонтойлор.Акыры жакшылык көрбөйсүңөр го силер
+9
aibars
2017-03-13 20:04:24
Ушул ардагердин айынан бейпил турмуш кечирип жатканын унутуп, кылган эрдигине таазим этуунун ордуна тоношуп, кандай гана шермендечилик.
+8
dina1983-19
2017-03-13 20:16:26
Тезинен кармап темир торго салыш керек мындайларды. Ууру алыстан келбейт жакын тааныган билгендер кылганго акчасы бар экенин билгендер.
+6
Kyrgyz_bloger
2017-03-13 20:26:03
Акыркы убакта адамдар акча учун баардык нерсени кылып жатканы окунучтуу.
+6
momun74
2017-03-13 23:48:10
Кантип ушул ишке колдору барды аял башы мн
+3
Badu88
2017-03-14 06:08:11
Өлүп эле калбапсынар уяты жоктор ушул кары кишини тоноп өлгөн экенсиңер аял башынар мн
0
barakcha
2017-03-14 08:29:58
Бул абышканы карыганда торуно отургузуп,ысык чайын берип сыйлабаган балдарында куноо!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан