Базар-Коргон районундагы жол кырсыгынан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 13-март күнү саат 17:00 чамасында Базар-Коргон айыл аймагынын Бекмамат Осмонов көчөсүндө болгон. Анда Ниссан Примера жана Мерседес үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен Мерседес унаасындагы 3 адам, Ниссан Примерадагы 2 адам денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, аймактык ооруканага жеткирилген.