Ош облусунда апасын бычактаган жаран агасынынын өлүмүнө да шектелүүдө

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда апасын бычактаган жаран агасынынын өлүмүнө да шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын февраль айында "72 жаштагы апасын бычактаган" деп шектелип, 1981-жылы туулган К.Т. кармалган.

"Ага кылмыш иши козголуп, Оштогу СИЗОго киргизилди. Ошондой эле ал эки жыл мурунку адам өлтүрүү фактысына да шектелүүдө. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү К.Т. 2015-жылдын апрель айында бир тууган агасы, 1968-жылы туулган К.А. менен уруша кетип, аны бычактап салганы, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгону белгилүү болгон. Бирок аны туугандары эч кимге айтпай, жашырып коюшкан", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alibay
2017-03-15 15:01:24
Кайсы айылда болду окуя.
+2
Alibay
2017-03-15 15:17:35
Жотолсо кошо жотолуп ,тогуз ай боюнда которуп колу кайышып,озу жебей жедирип,суук шамал келсе да мага келсин деп,канаттууга кактырбай калкалап чонойтконунун акыбети ушул болдубу!!!Эхх ташбоор!Кудай жазаласын!
+8
Nurka8931
2017-03-15 15:52:12
Аллах жазаны берсин эненин кадырыны билбеген ХХХ
+1
scorp
2017-03-15 16:20:00
кыргыздар ушундай мыкачылыка барып калганбы? эмне деген заман болуп баратат...
+2
barakcha
2017-03-15 16:31:00
scorp,кыргыз эмес го?
+1
stepboy
2017-03-17 01:02:26
ооруну жашырса олум ашкере кылат дегендей ошондоле каматса апасын олтурбосо керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан