Бишкекте Патрулдук милициянын кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 15-март күнү Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Патрулдук милициянын кызматкери Тойота Виндом үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна тыюу салынган жерде токтоп турганын айтып, тиешелүү документтерди сураган. Бирок айдоочу ага баш бербей унаасын инспекторду көздөй айдаган кезде ал унаанын капотуна жармашып калууга аргасыз болгон. Айдоочу унаасын 200 метр аралыкка чейин айдап барып токтогон.
Азыркы тапта бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу 1965-жылы туулган М.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.