16-мартта Сириянын Алеппо шаарынын батыш тарабындагы Аль-Джина кыштагындагы мечитке болгон авиачабуулдан 58 адам каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, авиачабуул кечки намаз убактысында орун алган, мечитте 200гө жакын адам болгон. Учурда калдыктардын астынан адамдар изделүүдө. "АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы башкармалыгы авиачабуулду АКШ башкарган эл аралык коалициянын авиациясы жасаганын моюнга алышты. Башкармалыктан билдиришкендей, чабуул Ал-Каиданын террорчулары топтолгон аймакка жасалган жана андан улам көп террорчулар каза тапкан", - деп жазышты басылмалар.