16 жыл мурун Чүй облусундагы абактардын биринде жер алдынан жашыруун өтмөк казып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда 2001-жылы сентябрь айында Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү абагында 1964-жылы туулган Анатолий Федеров башка соттолуучулар менен жер алдынан жашыруун өтмөк казышып, ал аркылуу абактан качып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголгон болчу.
Арадан көп убакыт өтпөй Анатолий Федеров 2002-жылдын январь айында Орусиянын Алтай аймагында каракчылыкка шектүү катары кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылдын 7-мартында ал жазасын толук өтөп бүтүп, Кыргыз Республикасына экстрадицияланган. Федеров "Манас" аэропортуна келери менен кармалып, Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилген.
Анатолий Федеров абактан качканы үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле ал мурда өтөбөй качып кеткен 16 жылды да абакта өткөрөт.