Таласта жубайлар 13 баш жылкыны уурдаган деп шектелип кармалышты

Таласта жубайлар мал уурулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу 18-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 2017-жылдын 14-мартында Кара-Буура районунун 23 жаштагы Н.Б. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал ошол эле райондун чыгыш тарабындагы мал сарайдын тегерегинде жайылып жүргөн 13 баш жылкысы уурдалганын билдирген.
Аталган факты боюнча Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Талас шаарынын 40 жаштагы тургуну Н.К. жана анын аялы 38 жаштагы К.Г. кармалган. Аталган факты боюнча "мал уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда. Келтирилген чыгым 480000 сомду түзгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2017-03-18 10:26:30
Тообо кылдым. Жылкы уурдагыдай илгерки заман эмес го. Аны кантип бекитем кийин сону билинип калат дебейби. Азыркы мезгилде жылкы эмес буюм уурдасан да тез эле табылат. Кудайым баарыбызга ынсап берсин!!!
+7
Munar8625
2017-03-18 12:21:05
аялыдагы боору болуп калыптырда бооруго тийип
+1
Ak_Bulut
2017-03-18 14:07:22
Азыр 1 жылкы кутуш оор, куралган 13 жылкыны уурдатса ээсине жаман да. Жазасын алсын
0
Hatali
2017-03-18 14:42:09
Эркеке го даба жок тиги аялга эмне жок дейм да тообо...
+1
Bubu88
2017-03-18 16:21:19
Аялы жон эле койбоптур да кой өзүн эле уурдап келе бер деп
+2
tumann.
2017-03-18 20:04:43
Алып келишип Жалал абат областынын Ноокен районундагы Ак бата базарына сатып атканда кармалышты го. Эки тай олуп калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан