Шабдан баатыр көчөсүндөгү кырсык селфи сүрөткө түшүү учурунда болгону айтылууда

Бүгүн, 20-мартта укук коргоо органдарындагы өздүк булактар Шабдан баатыр көчөсүндөгү көпүрөдө болгон кырсык селфи сүрөткө түшүү учурунда катталышы мүмкүн экенин айтышты.

"Окуя 19-март күнү Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндөгү көпүрөдө болгон. 20-25 жаштардагы жигит көпүрөдөн кулап кеткен. Кырсык селфи сүрөткө түшүп жаткан учурда болушу мүмкүн. Алгачкы иликтөөлөргө ылайык суициддин белгилери жок", - деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

Ал эми Бишкек ШИИББи кечээ окуя тууралуу "25 жаштагы жаран жипке асынып өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок жиби үзүлүп, бала көпүрөдөн жолго кулаган. Мындан улам ал ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди" деп билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Piligrim
2017-03-20 15:38:11
Ал жакта бышырып коюптурбу десең! ХХХ эле башка жакта түш. Жакшы кетип калбаптыр нарака. Атасы болгонумда ошол жигиттин, селфиге түшкөн колун сындырмакмын.
-5
nemo2016
2017-03-20 16:21:59
Piligrim,кырсыкта аллах шыпаасын берсин сындырам жуулдурам дебей жакшы кенеш бериш керек балага
+5
Bubu88
2017-03-20 16:37:23
Өзүн бир герой корсотойун деген го көпүрөдо асылып туруп түшүп
-5
ozgeldi
2017-03-20 16:44:50
Биздин иликтөөчүлөргө таң калам да көзү ачыктар бул жакта калат го чиркин
+5
nur_zhoni
2017-03-20 22:46:33
ozgeldi,айтасында
0
Medina87
2017-03-20 16:48:26
25 жашта бала эмес жигит да.
Кырсыктан аман калыптыр шугур!
+2
dinar.meilibaeva
2017-03-20 23:52:44
Экинчи жеки чан болойун дептирда байкуш окшото албай калыптыр....
0
kechirmeni
2017-03-22 08:58:45
Ушул селфиси тойгузду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан