Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкүдөн улам жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда кар көчкү бүгүн саат 15:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 252-чакырымына (Токтогул району) түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 480 метр кубду түзүп, унаа жол жабылган. Көчкүдөн жабыркагандар жок. Азыркы тапта №23 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.