Көк-бөрүнү көрүү үчүн темир аркага чыккан күйөрмандардын бардыгы жазага тартылышат

21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү оюнун көрүү үчүн темир аркага чыккан күйөрмандардын бардыгы жазага тартылышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалым болгондой, темир аркага чыккандарга айып пул салынмакчы.

Айта кетсек, кечээ, 21-мартта аталган ат майданда адамдардын саны абдан көп болгон. Ал жакта жалгыз гана Бишкек шаарынын тургундары эмес, атайын оюнду көрөбүз деп өлкөнүн бардык аймактарынан келген адамдар да болгон. Болжол менен ат майдандагы көрүүчүлөрдүн саны 23 миңге жакын болгону айтылган. Көк бөрү боюнча мелдештин финалы өтүп жатканда айрым көрүүчүлөр майданга чейин чыгып жатышкан. Улакчылар атты башкара албай адамдарды тебелетип кетиши толук мүмкүн болгон абал түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
MEDIA-P
2017-03-22 15:12:45
Эмне учун анда милициялар ошол учурда карап турушту? Ошонжо кармап, жоопко тартышпайт беле? Кылычынды жоо кеткенден кийин ташка чап дейт. Айтар турган соз жок!
+7
Lion.
2017-03-22 16:05:22
Кумурскадай жабышканго))
-2
futboler
2017-03-22 16:13:47
Эки метрден жогору жагына ток тартып коюш керек, ошондо эч асылбай калат
-4
nurbekasr
2017-03-22 16:40:48
Демек ат майданды чоон кылып шаардын сыртына салуу керек 50 мин адам бата тургандай кылып.Анан көрө турган жер жетишбесе аркага чыкбай анан атаңдын чокусуна чыксынбы.Эми ошолорду таап жазага тарта алаар бекенсинер көрөбуз.
+4
friendwipkg
2017-03-22 16:45:36
Ат майдан салып бербегендерди жана шарты жок туруп көк бөрү уюштургандарды жоопко тартышсын.
+1
Duulat
2017-03-22 16:52:10
"Уурусу кучтуу болсо, жабырлануучу доого жыгылат" деген мааниде соз бар эмес беле... Уят эле милициянын ушундай билдируусу. Мамлекет жана мамлекеттик органдар 1-орунда жоопкерчилик тартыш керек мындай иш-чарада. Бул жерде уюштуруучуларга, коопсуздук, коомдук тартипти камсыздаган милицияларга "шалаакылык" куноосу коюлуш керек. 1 адамдын омуруно коркунуч жаралган кезде оюнду токтотуп, коопсуздукту толук камсыз кылуу милициянын милдети!!!
+1
Jarookerjan
2017-03-22 16:53:55
Ал байкуштар деле коргусу келет да анан кененирээк, корууго ынгайлуу шарт тузуу керек да.
+2
bema_bema
2017-03-22 17:13:45
Тообо кылдым ошончо адамды которуп турганын.
+1
Ronaldo.99
2017-03-22 18:32:54
Кокус жыгылганда коргуло эледа.)))Человек Паук го баардыгы!!!Чыныгы фанаттар
+2
Patirot
2017-03-22 19:25:55
Сынып кеткенде не болот эле ошошчо адам
+1
Nevestkaa
2017-03-22 23:54:10
Каныбызда бар да атка жакынбыз ээ асылыппы жулунуппу эптеп көрүшүбүз кк.Шарты болсо отургучтар жетиштүү болсо анан эмне үчүн бош орун турса бул жака чыгасын деп соттосо болот аааа дейсин.Канча млндон салат болду экен эми буларга.Ушул президентибиз элди айыпка жыгып атып мамлекеттин пайдасына акча жыйнап бутка тургузуп кетет окшойт да ....же жеее наоборот
0
Basko94
2017-03-22 23:56:01
Адамдарга деле баары бир экенда,кулап тушсо не болот эле
0
Asan123
2017-03-23 01:16:47
Чымчыктарды уялтыпсынар
Азаматсынар бар экен чыгып коруптур бул да болсо онугуп жатканыбызды билгизет
0
Altai85
2017-03-23 07:15:06
Арканы биз жасаганбыз коркпостон дагы ошончонор чыга бергиле ал арка 6 милион го ылайыкташтырылып жасалган .
0
gitaris93
2017-03-23 09:38:22
ХХХ болотурган созду айткылачы. ШИИББиден кайсы ХХХ туштон кийин жазага тартам деп чыгыптыр? Не дейт элек ХХХ дегенден башка соз жок.
0
admin_portal
2017-03-23 09:46:46
gitaris93-эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан