"Заноза" менен "Азаттыктын" банктагы эсептери камакка алынды

"Азаттык медиа" мекемесинин ("Азаттык" радиосу) жана "ПроМедиа" коомдук фондунун (Zanoza.kg сайты) банктагы эсептери камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган басылмалар өз сайттарында жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, тиешелүү аныктама Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 14-мартта кабыл алынганы басылмаларга бүгүн, 22-мартта белгилүү болду. "Анда Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу сотко кайрылганына байланыштуу арыздануучунун өкүлү "Азаттыктын" болгон мүлкүн жана акча каражатын камоо арызы менен кайрылганы айтылат. Судья Жылдыз Жумабаева бул арызды канааттандырып, "Азаттык медиа" мекемесине таандык банктык эсептерин жана башка эсептер тууралуу маалыматты талап кылуу, 10 миллион сомдун чегиндеги каражатты камакка алуу тууралуу аныктама кабыл алды. "Азаттык" радиосунун эсебинде анчалык каражат жок болгондуктан, азырынча бардык операцияларга чектөө киргизилди", - деп жазды "Азаттык".

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан “Азаттыктан” 20 миллион сом, “Занозадан” 12 миллион сомдук компенсация өндүрүп берүү боюнча сотко арыз тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Mederbek0707
2017-03-22 16:49:44
Оозу кыйшык болсода байдын улуу суйлосун экенда
+13
lucky_star
2017-03-22 17:17:19
Бул жанагы учактагы банкрот болгон товарларынын акчасын кантип болсо да элден ондуруп алуунун жолу го
+16
frunze14
2017-03-22 18:13:53
Атамбаев Акаев менен Бакиев баскан тырмоочту тебелеп жатат. Эсинерде болсо 2005- жана 2010-жылы бийлик алмашаарда КТР менен ЭлТР ото эле бир тараптуу, калп маалымат таратышып бийликке каяша суйлогондор чекеден куугунтукталып камала баштаган. Сот, прокуратура, милиция жана аскерлер бир "адамдын" жыргалчылыгын коргоп, бир адамды калайык калктан жогору коюп...

Кыскасы Атамбаев эбак эле ажыдаарга айланганы качан. Атамбаев бийликти жакшылыкча тапшырбай калды го. Эл толкуйт окшо
+13
frunze14
2017-03-22 18:20:22
Атамбаев Путинге окшогусу келсе элибизде жакшы лакап бар: Казга тенелем деп карганын буту сыныптыр деген. Путин каякта, Атамбаев каякта?!! Путинди го Россиялыктардын копчулугу урматтап колдойт экен, Атамбаевди 10-20% Кыргыз да колдобой калды го, баары мыскылдап. Атамбаев оз элине жек корунду болгону качан!!! Нураке да колдобойт Атамбаевди, ишенген Путин да жыргатпайт. Эл бир толкуса уурдап-тоноп жыйган байлыгын артынып качып калат Атамбаев, же калппы?!! Атамбаев кетсинчи!!!
+12
elchi84
2017-03-22 18:59:13
Аз калды окшойт дагы..............
+9
Almacom
2017-03-22 21:08:44
Акыркы чегине жетти Атанбаевдин кылыктары.Бийликтин козун мынчалык май баскан эмес Акаев Бакиев убакта.Тушунуксуз.
+10
tursunbaev78
2017-03-22 21:10:08
АША АША дегендер каякка життиңер жазбайсыңарбы оюуңарды ой АША кыйратып салды деп сайрагандар көрүнбөйтко
+7
kenjebek_a
2017-03-22 22:05:15
Ойношуна ишенип эрсиз калды дегендей АША Путинге ишенип олкодон куулушуна аз калды буйурса.ЖКдагы бычымал СДПКанын депутаттарын да кошо кыргызстандан кубалай турган убак келди.Ислам динин басмырлаган жанагы айгыр орус катынга кой дей албаган,мурут койуп намаз окуп жургон СДПКнын эркек дпутаттарына башка соз жок.
+9
Nevestkaa
2017-03-22 23:25:49
Ошончо миллиондон өндүрө берсе пай пай пай Келечекте кандай изи калат ааа жанакы докчу президентпи млн өндүргүч деп таанып калбаса башка көрүнүктүү иши жок.
+5
nemo2016
2017-03-22 23:43:04
элдин баары жакшы дебейт атамбаевти анан эмнеге тактан тушпойт
+5
kayratbek81
2017-03-23 00:08:53
Чындык кайда баратат,бул деген жакында сен мен экообузда бул жерге эч бир нерсени жазалбай калабызго.
+4
Asan123
2017-03-23 01:09:17
Атамбаев Жакшы иштесе эл кормок да кылганын
Президент эмес эле Каракчы болуп калды чекеден чындыкты айткан адамды камап же уркутуп
+3
etaj_rus79
2017-03-23 03:22:21
коментарийлерде Аша ны мактагандар коруп койгула каяка чейин барып атат силер мактаган президент
+2
dastan.bujun
2017-03-23 05:57:06
Туура эле кылат Азыттык Амерканын планы боюнча иштейт да. Азаттык деп Америка озуно жаккан саясатты жургузуп жатат. Булар мамлекеттин тынчтыгын бузат ,жабыш керек
-2
Kubat.karagulov
2017-03-23 14:23:31
Өзү кылган иш өз башына муш болот.Бир кезде ушул эле Азаттык жана камалган оппозиционерлердин жардамы менен келди эле бийликке эми аларга каршы согуш баштады.Кандай жол менен келсе ошондой жол менен кетчү өңдөнүп калды окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан