Бишкекте "стриптиз-бар ачам" деп анын ордуна казино ачкан адам 2,5 миллион сом айыпка жыгылды

Бишкекте казино ачкан адамга 2,5 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2016-жылдын 12-декабрында кабыл алынган чечиминде айтылууда.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы март айында аталган адам "1" бизнес-борборунун ээсинен "стриптиз-бар ачам" деп аянты 160 чарчы метр орун жайды ижарага алууну сураган. Бирок стриптиз-бардын ордуна ал казино ачкан. "1" бизнес-борборунун ээси казино ачылганы тууралуу билбей жүргөнүн сотто айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Оюн-зоок жайын уюштуруу жана кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Биринчи Май райондук соту казино ачкан адамды күнөөлүү деп таап, аны "мамлекеттин эсебине 2,5 миллион сом айып пул төлөп берсин" деген өкүмдү чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Adil706070
2017-03-22 17:09:06
стриптиз бар эле жетишпей жатты эле,арам акчанар озунорду тешип чыгат го
+10
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-22 17:28:59
Adil706070, тешип чыкпадыбы уже 2.5 миллион
+3
aibars
2017-03-22 17:22:38
Эмне стриптиз бар ачууга бизде уруксат береби. Шайтан ургурлар.
+8
friendwipkg
2017-03-22 17:29:44
стриптиз, сойкукана, сексшоп ачкыла. бирок казино ачпагыла себеби ал харам акча, күнөө болот.
-1
gordaya
2017-03-22 18:00:41
friendwipkg,))) сиз санаган нерселер адалбы?
+4
almazbei
2017-03-22 18:18:14
friendwipkg,силердин айылынардын шариатында ошондой жазылганбы, ХХХ?!
+2
friendwipkg
2017-03-22 18:53:51
almazbei, өзүң . мыйзам ошондой болсо не кылайын.
-1
admin_portal
2017-03-23 09:29:50
almazbei, aibars, этика нормаларын сактаңыздар!
0
abusait
2017-03-22 17:49:34
Камаш керек болчу.. Калган лоторея интернет казинолорчу? Аларды ким жабаткен?
+3
kushtari
2017-03-22 18:39:46
Жакшы кылыптыр ошондой арам нерсени токтотуп адал оокат кылыш керек болбосо ал адам дагы канча куноого батып кудайдын алдына кантип барат еле малмелекет сооп иш кылыптыр
0
Han1111
2017-03-22 19:36:17
Кытайда болгондо атууга өкүм бермек! Бизде акчасын алып тынчып кетишет.
+1
Asan123
2017-03-22 22:40:08
Неге Пара бергенде жанылык болмок эмес
0
Nevestkaa
2017-03-22 23:13:33
Ошондо Бишкекте бир эле казино бар беле, калганын ким жабат, же доля моля төлөбөгөндөрдү эле жаап атасыңарбы?Сойкукана ,кумарканаларды жаап коррупцияны эле жок кылгылачы баары сонун болмок.Мамлекеттен эл эч нерсе деле сурабайт , арам акча берсе аларга крышовать этпей жапкылачы балким бузукулук ж.б күнөө иштерден арылсак алдыга жылаарбыз.Биз да ар жакта темселебей балдарыбыз мн толук кандуу үй бүлө болуп жашамакпыз.
0
gitaris93
2017-03-23 09:19:12
Стриптиз бар ачса мыйзамдуубу? Урдум ошо мыйзамын болдуго быягы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан