Ат-Башы районунда Казыбек айыл аймагындагы Шырыкты ички кыштоосуна 21-мартта 1970-жылы туулган Т.А. (эркек киши) мал издеп чыгып, кар көчкүнүн алдында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 23-мартта кабарлады.
Учурда көчкүнүн көлөмү такталууда.
"22-мартта туугандары жана малчылар издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 11:40 чамаларында жансыз денесин табышкан. Сөөгү өзү буга чейин жашап келген Казыбек айыл аймагынын Жаңы-Күч айылына жеткирилип, туугандарына өткөрүлдү", - деп жазылат министрликтин маалыматында.