Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 2 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда жол кырсыгы 22-март күнү саат 07:50 чамасында Таш-Көмүр ГЭСинин тушунда болгон. Анда Форд Фокус үлгүсүндөгү унаа менен БМВ үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада кырсыктан 2 жүргүнчү оор жаракат алып, "Тез жардам" унаасы менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.