Бишкекте айдоочу Патрулдук милициянын кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөдү

Бишкекте айдоочу Патрулдук милициянын кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөдү. Бул маалыматты бүгүн, 23-мартта Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда окуя бүгүн түшкө маал Жибек жолу көчөсүндө болгон. Анда айдоочу Патрулдук милициянын кызматкеринин унаасынын капотунда бир канча аралыкка чейин сүйрөп барган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө. Толук маалымат бир аздан соң берилет.

Жогорудагы окуя март айындагы экинчи көрүнүш. Буга чейин 15-март күнү Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Виндом үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 200 метр аралыкка чейин Патрулдук милициянын капотунда сүйрөгөн. 1965-жылы туулган айдоочуга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
kyrgyz.kg83
2017-03-23 15:29:48
Модага айлантып алыштыго капотко секиришти,же суйлошуп алып секирип жатыщабы,жуз метр суйроп кой званиямы котортуп алайын деп
+11
Adiletto
2017-03-23 17:07:12
Жанылбасам учунчусу бул.
Капотко жабышканга бир жылдыз деп койгон окшойт
+1
Eldos1
2017-03-23 22:32:52
Adiletto,бешинчиси
0
Artur555
2017-03-23 15:32:05
Милициялар капотко оздору жармашып алып жатышат, бул да болсо акчага сындырып жатат карапайым элди. Корупция ачык эле. Ушундай милицияларды жок кылыш
керек. Негизи эле бийлик жана куч органдары бизде ото начар иштешет буларды жок кылыш керек.
+6
kechirmeni
2017-03-23 15:35:58
Уят эле. Суйрогондор дагы суйролгондор дагы. Ушунунарды качан токтотосунар. Силер эмес мен бул жакта туруп уялып атам. Анан кызматкерлерге айтарым тузугуроок болгулачы айланайындар качанкыга чейин суйролуп журо бересинер. Ишенгенибиз силер болсонор силер да суйролууп журсонор. Ушул нерсенин алдын алып чара корбойсунорбу
+13
realliver
2017-03-23 15:58:07
Гаишник кой
0
Uson13
2017-03-23 16:02:51
Туура эле кылган бул патрулдук милициялар өзү чектен чыгып кетти
+4
Uranbekov97
2017-03-23 16:04:01
Аман эле болгула
0
Mers124
2017-03-23 16:31:30
Жөнү жок эле сайыла берсеңер, капоттун үстү эмес астында сүйрөлөсүңөр.
+4
ZHYRGAl1412
2017-03-23 16:53:31
Гаи деген четте туруп палкасы менен токтотуш керек токтобосо артынан машина менен барыш керек капотко секирбей
+6
Ronaldo.99
2017-03-23 17:11:48
мен чын эле айтыпмын мода деп
+2
Parish
2017-03-23 17:52:47
Жаны тартип киргизишип алган эмеспи капотко жармашып,тебелеп кетсе не болот.Эми айдоочунун
шорун шорподой кайнатышат.
0
bond02
2017-03-23 21:00:32
Патрулдук милиция кызматкерлери азыр автоунаа менен суйлошуп калганбы капотуна жатып алып, автоунаанын ичинде айдоочусу бар экенин унутпаса.
+1
Eldos1
2017-03-23 22:34:37
Закон иштебейт бизде тан калыштын кереги жок бири олуп бири калсын
+3
tyrgon
2017-03-24 00:22:38
суйролгон ГАИлер деп калат экенбизда ыя? же кандай? )))
0
33SUUN
2017-03-24 04:33:36
Журуп бара жаткан машинага оздору секиришет дагы мени капотто суйроду деп доо койушат окшойт менимче.Акча ондуруунун айынан адамдык сапатынан айрылганын тушунушпойбу бул макулуктар.Дени соо адам капотко жабышпайт.Рульдагы адам ГАИнин талаптарын аткарбаса мыйзам чегинде чара корулушу керек.Капотко жабышып токтотуп кал деген нерсе жок мыйзамда.Бироонун менчик мулкуно жабышып,зыян келтиргени дагы туура эмес.Чон атасы алып берген атпы же секирип учкашып алгыдай.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан