Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда Свердлов РИИБинин кызматкерлерине 24 жаштагы шаар тургуну кайрылып, 21-март күнү саат 21:00 чамасында Ак-Тилек жаңы конушунда белгисиз адам көчөдө токтоп турган унаасын уурдап кеткенин билдирген. Бул боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 42 жаштагы М.Р. кармалды. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.