Бүгүн, 24-мартта эртең менен Бишкекте Кыргыз мамлекеттик циркинин жанында 285-каттамдагы маршруттук такси менен Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү жол тандабас сүзүштү.
Күбөлөрдүн айтымында, Жумабек көчөсү менен чыгышты көздөй бараткан маршруттук таксини Шопоков көчөсү менен түштүктү көздөй катуу ылдамдыкта бараткан жол тандабас капталга сүзгөн. Анын кесепетинен маршруттук такси оодарылып кеткен. Ошол учурда коомдук унаанын ичинде 6 жүргүнчү болгон. Алар денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.
Азыркы тапта Бишкек ШИИББи жол кырсыгы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.