Ошто милициянын подполковнигин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда милициянын подполковнигинин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси кечээ, 23-март күнү табылган. Ал Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкери болчу. 21-мартта үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Ош ШИИБи тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мындан башка маалымат берген жок.