Ошто милиция кызматкеринин өлүмүнө кызганыч себеп болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Кылмышка шектүү катары 4 жаран кармалды. Алардын бири аял киши. Айтымдарында, милиция кызматкерин өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон. Кармалгандар бир үй-бүлө мүчөлөрү. Аял, анын күйөөсү, баласы жана иниси. Милиция кызматкери, Таирбек Уларовду 21-мартта эле өлтүрүшкөн. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
Кылмыштын бети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ачылды.
Эскерте кетсек, 23-март күнү саат 15.30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган көк түстөгү Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Оштогу башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштечү.