Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 26-мартта Сары деңизде Түштүк Кореянын "Чхонан" аскердик кемеси жарылып, чөгүп кеткен. Натыйжада кеме экипажынын 104 мүчөсүнүн 46сы каза тапкан. Көз карандысыз эл аралык комиссия “Чхонанга” түндүк кореялык торпедо тийип, чөгүп кеткенин тастыктаган маалыматтарды жарыялаган. Ал эми Пхеньян кырсыкка эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
26-мартка карата жылнаама.