Бүгүн, 26-март күнү саат 07:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү 1 үйдү басып калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Жарандык коргонуу комиссиясы, куткаруучулар, "Тез жардам" кызматы, милиция кызматкерлери чыгып кетти. Ошондой эле ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары жана ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу кырсык болгон жерге чыгып кетишти.
Мекеме жакын арада кошумча маалымат берерин убадалады.