Кадамжайда аскерлер бараткан унаа курулушту сүзүп, 28и жаракат алышты

Бүгүн, 27-мартта болжол менен саат 17:25те Кадамжайда аскерлер бараткан унаа курулушту сүзүп, 28и жаракат алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондун акиминин орун басары Жаныбек Исаков билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 123-чакырымында болгон.

"Оштон Баткенге машыгууларга келе жаткан артиллериялык бригаданын КамАЗы курулушу башталып жаткан имаратты сүзүп алган. Ичинде 33 аскер бар экен. 28и жаракат алышыптыр. Алардын ичинен 2өө оор жаракат алса, калгандары жеңил. Учурда алар райондук ооруканага жаткырылышкан. Кырсыкка болжолдуу түрдө тормоздун иштебей калышы себеп болгон", - деди Ж.Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Shef87
2017-03-27 21:09:09
эски да техникалар
+11
KgEka
2017-03-27 21:27:33
Бакиев күнөлүү!
+12
mirlanpiter
2017-03-27 21:32:52
KgEka,же Акаев алар деген ушул машиненинда тетиктерин сатып жиберген Аша билет сурагыла
+12
hubabubba
2017-03-27 22:55:37
АША билет, дагы бир чогулуш болгондо шылтоо менен айтып алат.
+7
Ronaldo.99
2017-03-27 21:35:05
Кудай сактаптыр!!!Хотя бы ушул аскерлерге техника сатып берсе экен шеф
+9
bond02
2017-03-27 21:48:42
Бул да машыгуунун бир туру да.
-5
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-27 22:32:53
Армияны кучтонтуп атам кокуй деген болчу жатат эски бтр эски танкалар 66 лар болбой калган бирок жегичтерди ондой албай койду жегичтер жаман
+9
poping.dance
2017-03-28 00:00:44
Эки кундон бери тынбай каттап калышты эле, ээми мактай баштадым эле КРстан оноло баштаптыр деп,
+5
jamilya03
2017-03-28 00:36:31
poping.dance.мактабай эле койбопсунда сенин гозун тийип кетиптир анда
+4
Mers124
2017-03-28 00:41:13
Кырсык да. Бирок, тормоз эмес крутой повороттон катуу келе жатып, бурула албай калгандай
+4
bolotbeck1983
2017-03-28 01:19:25
Кырык каш-кабактын ортосунда дейт. Аскерлерибизге ден-соолук тилейли. Анан тигинтип аскерге барбастан ата-энеңдин койнунда жатып алып ар нерсени дөөрүй бербей.
+7
rios.07
2017-03-28 09:58:42
bolotbeck1983,оа туура аллахым шыпаасын берсин биздин чыныгы баатырларга
+2
nurbekasr
2017-03-28 05:28:29
Ошол жерден эки жолу күйүүчү май ташыган авто үнаа кирип кеткен эле.Ошол бурулушту ондобосо болбойт.
0
nelli
2017-03-28 08:34:00
nurbekasr,3 жолу.
1-жолкусу былтыркы жылы январь айында бусик, камаз, озбекстандын 2 тикосу
2-жолкусу хова уйуно кирип антарылган жыл аягында
3-жолкусу быйылкы жыл башында тико менен уйундо жургон аялды сусуп олтургон бензовоз. Бул 4-жолкусу....
+5
nurbekasr
2017-03-28 10:59:39
nelli,Иий ооба чын эле 3 жолу кийин да бир велосипедчен турист кирип кеткен эле эки чымынды сүзүп төрт кумурсканы тебелеп кетип өлтүрүп.
-4
nelli
2017-03-28 14:17:42
nurbekasr,Аман эле болчу!
+2
admin_portal
2017-03-28 14:19:25
nelli, этика нормаларын сактаңыз!
0
muslim7
2017-03-28 07:40:36
Бул камаз кырсык болгон жер резкий поворот
+3
nelli
2017-03-28 08:30:21
Байкуш уй-булолор...эээми гана магазин куруп, бутка тура баштаган кезде 3 жолу 3 бензовоздор 3 жагынан сусуп баржогун бузуп салышты эле. Эми 4-болуп булар кирип барышыптыр да уйуно "Ассалооому алейкум!" деп.....
0
suyun2801
2017-03-28 09:52:09
АША силер туура эмес жерге имарат салгансынар деп жабыркагандарды трибунага чыгып теледен ашатат эми....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан