Ала-Бука районунда эски үйдүн дубалы урап, 3 жаштагы баланы басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда окуя 26-март күнү саат 14:00 чамасында аталган райондун Ак-Коргон айылында болгон. Анда 1983-жылы туулган Кудретжан Хамзалиевге таандык эски үйдүн дубалы урап, ошол жерде ойноп жүргөн 2014-жылы туулган баланы басып калган. Анын кесепетинен 3 жаштагы бала Ала-Бука райондук ооруканасына жетпей каза болгон. Эски үй ашкана катары колдонулуп жүрүп, кийин бузулуп дубалы эле калган.
Азыркы тапта окуя Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иликтенүүдө.
Айрым маалыматтарга караганда дубал басып калган бала Кудретжан Хамзалиевдин коңшусу болгон.