"13 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөн" деп айыпталган жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда үстүбүздөгү жылдын 14-февраль күнү Ысык-Көл облустук сотуна 1968-жылы туулган М.Бекташовдун жазык иши каралып, анда Каракол шаардык сотунун чечими күчүндө калган.
Айта кетсек, М.Бекташов 2011-жылдын 2-ноябрында үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, 13 жаштагы өгөй кызын зордуктап койгон. Кийин "апаңды, сени өлтүрүп коём" деп коркутуп, ал кылыгын уланта берген. 2012-жылдын 7-майында кыздын 25 жумалык боюнда бар экени ачыкка чыккан. Туугандарынын чечими менен кыздын боюнан алдырышкан.
2015-жылы Каракол шаардык соту айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок ага макул болбогон М.Бекташов апелляциялык тартипте облустук сотко кайрылган.