Индонезияда питон адамды жутуп салды. Мындай маалыматты бүгүн, 29-мартта чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Индонезиянын Сулавеси аралында 25 жаштагы Акбар Салубиро аттуу тургун жоголуп кеткен. Анын жоголуп кеткенине тынчсызданган жакындары издөөгө чыгып, жыйынтыгында 7 метрлик шишиги бар питонду табышкан. Жыландын ичин жарышканда, жоголгон жарандын денеси чыккан. Ал буга чейин кошуна айылга барууга камынып жатканы айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге жакын жашаган жашоочулар кишинин кыйкырыктарын угушканын айтышууда.