Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 29-мартта Москва шаарындагы "Лубянка" жана "Парк культуры" метролорунда жанкечти-террорчулар тарабынан жардыруу болгон. Жарылуунун кесепетинен 41 киши каза болуп, 88 адам ар кандай жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында Кыргыз мамлекетинин да жараны болгон. Террордук актыны Магомедали Вагабов жана Доку Умаров аттуу адамдар уюштургандыгы, ал эми жардырууну эки аял жасагандыгы белгилүү болгон.
29-мартка карата жылнаама.