Тропикалык "Дебби" циклону Австралиянын Квинсленд штатынын жээктерине жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматтарга караганда, "Дебби" циклону ылдамдыгы саатына 250 чакырымга жеткен катуу шамалды алып келген. Анын кесепетинен Боуэн шаарында электр жарыгы өчүп, Эрли-Бич шаарында дарактар кулап, турак үйлөрдүн чатырлары кыйраган. Жергиликтүү бийликтин айтымында, жээкте жашаган миңдеген тургундар коопсуз жайга чыгарылган.
Квинсленд штатында жалпы 100дөн ашык мектеп, бала бакчалар жабылганы кабарланууда.
Буга чейин Уитсанди аралында "Дебби" циклонунун кесепетинен 23 миңге жакын түтүн электр жарыгысыз калган.