Багдаддагы теракттан 17дей адам каза болду

Багдаддын түштүгүндөгү көзөмөл-өткөрүү пунктунда болгон жардыруудан 17дей адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Рейтерс басылмасы Ирактын бийлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Унаасында жарылуучу заты бар айдоочу көзөмөл-өткөрүү пунктуна кол салган. Жыйынтыгында 17дей адам, анын ичинде 3 полиция кызматкери каза болду", - деп жазылган маалыматта.

Маалыматка ылайык, андан сырткары 60 адам жаракат алган, алардын ичинде да полиция кызматкерлери бар. Учурда бир дагы террордук уюм бул терактка жоопкерчилик ала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hadyja
2017-03-30 10:05:51
Сабыр Берсин Аллахым,мусулман бир туугандарыбызга!Аминь.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан